Январдан июлга чейин казинолордон бюджетке 129 миллион сом түштү

Январдан июлга чейин казинолордон бюджетке 129 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Июль айында 21,6 миллион сом салык төлөнгөн.

Жалпы оюн-зоок компанияларынан түшкөн киреше 136 миллион 88 миң сомго жетти.

Финансалык көзөмөл агенттиги дагы бир казиного жана бир нече онлайн-казиного лицензия берди.

Юстиция министрлигинин сайтында 18 казинонун жетөө акыркы 2 жыл ичинде каттоодон өткөн.

29 Август 2024 жыл 13:15

Тема боюнча