Японияда окуучулар мектептеги дааратканага чейин өздөрү тазалашат. Кыргызстанда болсо кандай болмок?

Япония өлкөсүндө мектеп окуучулары бардык кызматтарды өздөрү аткарышат. Алар мектепти тазалоо иштеринен баштап, дааратканасын да жуушат.

Ал жакта атайын кызмат аткаруучу пол жуучу өңдүү атайын кызматкерлер жок. Окуучулар өздөрү кезек менен тамак таратып, кийин жыйнашат. Алар үчүн бул нормалдуу көрүнүш болуп саналат. Мындай ыкма менен балдарды бир эле тазалыкка эмес, эмгекчилдикке дагы үйрөтүү деп эсептешет.

Ушундай ыкманы бизде колдонсо кандай болоор эле? Ата-энелер балдарын класстын ичин жууп койгондугу үчүн ызы-чуу салышат.

Ошентип эркелеткен балдарыбыз, айлана-чөйрөсүн тазалоого дагы көңүл бурбайт. Көчөдө басып бара жатып, каалаган жерге таштанды таштап басып кете беришет.

Жыйынтыктап алганда ата-энелер балдар өзү окуган классты жууп, тазалап койгонун колдоп, Япондордун ушул ыкмасын көндүмгө айландырса жыйынтыгы жакшы болчудай.

21 Ноябрь 2023 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча