Ысык-Көл районунун жашоочусунун үйүндө 11 килограмм марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында “Куба” аттуу жаран баӊгизатын ири өлчөмдө чогултуп, аларды сатуу максатында сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Анын Ысык-Көл районунун тургуну 1977-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, жоопко тартуу максатында Кылмыш жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында жашаган дарегинде тергөө амалдарын жүргүзүүдө үйдүн ичинен жатуучу бөлмөдөн бир даана капка жана 1 даана кара түстөгү баштыка салынган өзгөчө жыты бар зат алынып, соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык салмагы 11 килограмм 95 граммды түзгөн марихуана жана анын чаӊын түшүрүү үчүн дайындалган чүпүрөк-торчо табылган.