Жаңы аскерлер ант беришти

Кечээ, 3-ноябрда  №10127 аскер бөлүгүнүн күзгү чакырыктагы жаш жоокерлер аскердик ант берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталды.

Жаш Мекен сакчыларын Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басары полковник Ашымжан Эсенкулов, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, жакындары жана меймандар куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты.

Аскердик антка келтирүүгө чейин, бир айдын ичинде жаш жоокерлер жалпы аскердик даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматка зарыл болгон билимди жана саптык, дене-тарбия, ок атуунун ыкмаларын жана жалпы аскердик уставдардын беренелерин, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүштү.

Салтанаттуу иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык көрсөтүүлөрү менен уланды.

Соңунда жаш жоокерлердин назарына Улуттук гвардиянын аскердик оркестри тарабынан даярдалган дефиле аткарылды.

4 Ноябрь 2023 жыл 12:57

Тема боюнча