Жапаров чет элдик блогер Анастасия Ахметованын билдирүүсүнө жооп берди

Президент Садыр Жапаров Ротшильддердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы уранды иштетүүгө катыштыгы бар деп айткан чет элдик блогер Анастасия Ахметовага жооп берди.

Блогер Кызыл-Омпол уран кенин англиялык Ротшильддердин үй-бүлөсү кызыгуу артып, алардын кызыкчылыгын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коргоп жатканын айткан.

“Мамлекет алсырап дестабилизация болушун каалаган тышкы күчтөр толтура. Ошондуктан биздин ички иштерди өз кызыкчылыгы үчүн талдамыш болгондордун жетегине кирип сөздөрүнө ишенип кетпеңиздер. Кыргызстанда уранды байытуу иштери жүрбөйт. Аталган кенде урандын үлүшү 0,17%, калганы титано-магнетит. Ар кандай маалымат ишенбегиле, алданбагыла», — дейт Садыр Жапаров.

Буга чейин, Жогорку Кеңешке уранды иштетүү боюнча долбоор келип түшкөн.

23 Май 2024 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча