Жасалма документтер менен үй сатып жүргөн эже-сиңдилер кармалды

Ошто жасалма документтер менен үйлөр сатылып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2023-жылдын май айында Ош шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда бир тууган эже-сиңди жабырлануучуга Кара-Суу районунда 600 чарчы метр болгон жер тилкесинде, жашоо аянты 90,95 чарчы метр болгон үй бар деген. Шектүүлөр бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп, жасалма документ жасашып, алуу-сатуу келишимин түзүү менен өткөрүп берип, жалпы суммасы 21 миллион 189 миң сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алып, изин жашырып кеткен. Андан тышкары, Ош шаарынын дагы бир тургуну ушундай эле арыз менен кайрылып, эки бир тууган Кара-Суу районунда үй бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп, жасалма документ менен сатышканын жана өзгөчө ири өлчөмдө тактап айтканда, 11 миллион 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилгендигин билдирген.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр 1980-жылы туулган О.А. жана 1981-жылы туулган О.Ж. тергөөгө келүүдөн баш тартып жүргөн жеринен кармалып, камакка алынды.

19 Декабрь 2023 жыл 10:30

Тема боюнча