Жазаларды аткаруу кызматы кадрдык резервин түзүү үчүн талапкерлерге конкурстук тандап алууну жарыялайт

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы кадрдык резервин түзүү үчүн талапкерлерге конкурстук тандап алууну жарыялайт.

ЖАКтын басма сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерлер 2024-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө ЖАКтын Кадрлар башкармалыгына кайрылууга тийиш. Документтерди кабыл алуу жана кароо, ошондой эле талапкерлерди конкурска киргизүү боюнча иштер атайын комиссиянын чечими менен уюштурулат.

Конкурс үч этаптан турат:

Конкурстук тандоонун биринчи этабы 2024-жылдын 13-14-майында саат 09:00дө «Эмгек резерви» стадионунда өтөт, анда талапкерлер дене тарбия боюнча нормативдерди тапшырышы керек.

Дареги: Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200, чоң Чүй каналынын түштүк жээгинде.

Компьютердик технологияларды колдонуу менен тестирлөө түрүндө конкурстук тандоонун экинчи этабы 2024-жылдын 15-16-майында саат 09.00 дө ЖАКтын Окуу борборунда өтөт.

Дареги: Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94, Юстиция министрлигинин Кайтаруу жана конвой менен алып жүрүү кызматынын гарнизонунун аймагында.

Конкурстук тандоонун үчүнчү этабы 2024-жылдын 17-майында саат 10.00дө ЖАКтын борбордук аппаратынын имаратында талапкерлер менен маектешүү түрүндө өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү менен маектешүүдө процесстин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн видеого тартуу жүргүзүлөт.

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 106.

Бардык суроолор боюнча ЖАКтын Кадрлар башкармалыгына төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот: 0 (312) 43-82-10, 43-84-60

19 Март 2024 жыл 15:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча