Жаздын алгачкы күнүндө аба-ырайы кандай болот?

Бүгүн, 29-февралда Бишкекте жаан-чачын болбойт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн, деп билдирди синоптиктер.

1-2-мартта борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт, 3-мартта айрым жерлерде кар жаайт. 4-мартта түнкүсүн кар жаайт, ал эми күндүз жана 5-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында абанын температурасы:

— 29-февралда түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…4;
— 1-мартта түнкүсүн -3…-5, күндүз +3…5;
— 2-мартта түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…4;
— 3-мартта түнкүчсүн -3…-5, күндүз -1…+1;
— 4-мартта түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2;
— 5-мартта түнкүсүн -3…-5, күндүз +3…5;
— 6-мартта түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…7 градус болот.

29 Февраль 2024 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча