Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө 104 адам, тогуз учкучсуз учуучу аппарат тартылды

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө 104 адам, тогуз учкучсуз учуучу аппарат тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, издөөгө чыккандар 20 топко бөлүнүп иш алып барышат.

Эске салсак, Жумгал районунун Өрнөк айылынан ата-бала 16-октябрда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болууда. Аларды издөөгө тиешелүү жабдыктар колдонулбай, иштер чабал болуп жатканын жакындары айтып чыккандан кийин президент Садыр Жапаров издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

30 Октябрь 2024 жыл 11:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча