Журналист Актилек Капаров колун кестиби?

Журналист Актилек Капаров колун кескени айтылууда. Анын кан тамган каты социалдык тармакта жарыяланды.

Актилек Капаров 5 айдан бери аны абакта олтурганын, аны бир жолу гана тергөөгө алып барганын айтат.

Журналист анын эч бир күнөөсү жоктугун, болгону коррупция каршы күрөшүп келгенин белгилейт.

Жаза аткаруу кызматы Reportet.kgге Актилек Капаров 30-апрелде үй камагына чыкканын айткан.

Актилек Капаров 5 ай мурда Ички иштер министрлиги тарабынан Temirov Live медиасынын кызматкерлери менен бирге кармалган.

30 Май 2024 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча