Жусупбек Коргонбай мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жазган арызына ылайык мандатынан ажыратылды.

Белгилүү болгондой, буга чейин ал депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.

Бүгүн, 23-апрелде БШКнын жыйыны өтүп, анда комиссиянын мүчөлөрү Жусупбек Коргонбай уулуну мандатынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды.

Эскерте кетсек, Коргонбай уулу 2021-жылы бир мандаттуу Ноокат шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Эми аталган шайлоо аймагында кайра шайлоо болот.

24 Апрель 2024 жыл 9:02

Тема боюнча