Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Испанияда метродо жүрөт – видеону журналист Болот Темиров жарыялады
Интернетте Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Испаниядагы метродо жүргөн видеосу пайда болду. Видеодо көрсөтүлгөндөй, окуя 2024-жылы болгон. Бул кадрларды журналист Болот Темиров жарыялап, коомчулукта чоң кызыгууну жаратты. Колдонуучулар мурдагы мамлекет башчысынын Испанияда коомдук транспортто жүргөнүн талкуулап, анын сапарынын себеби тууралуу түрдүү божомолдорду айтууда.