Акылбек Жапаров ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жалпак тил менен президенттей кылып жеткирүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын күн тартибинен тышкары, ал тиешелүү мамлекеттик органдарга салык боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

«Бизге дагы 6 ай убакыт берилип жатат. Түшүндүрүү иштерин тагыраак, жалпак тил менен президент өзү түшүндүрүп бергендей жасагыла. ККМ сатып келип, таратып, жөнгө салгыла», — деди ал.

6 Декабрь 2023 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча