Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды түздү

2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды же 559 млрд 503,58 млн сомду түздү. Бул тууралуу КР Финансы министрлиги билдирет.

  • Тышкы карыз — 4 млрд 652,73 млн доллар;
  • Ички карыз — 1 млрд 627,80 млн доллар.

2023-жылдын 31-октябрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 59 млн долларды түзгөн.

19 Март 2024 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча