“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбековдун бүгүнкү иш күнү “Биринчи радиого” маек берүү менен башталды. Мында энергетика тармагындагы жаңы долбоорлор, туруктуу өнүгүү багыттары тууралуу айтып берди.
Андан соң, борбордук диспетчердик пунктта журналисттердин катышуусунда министрге өлкөнүн энергетикалык тутумундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берилди.
Маалымдалгандай, министрдин иш күнү күнүгө борбордук диспетчердик пункттан сутка ичинде өлкөдөгү энергетикалык абал тууралуу маалымат алуу менен башталат.
Мында негизинен өлкөдө энергетикалык абал туруктуу экендиги айтылды.
Министр өз сөзүндө мурдагы жылдарга салыштырмалуу жайкысын электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү өсүп жатканын белгиледи. Мунун бирден бир себеби ысык аба ырайына байланыштуу кондиционерлерди көп колдонуу экендигин айтты.
Андан тышкары, бул диспетчердик пункттан өлкөдө өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын көлөмүн онлайн режиминде көрүп турууга мүмкүн экендиги айтылды.