Бишкектеги эң бийик үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилүүдө

Бишкекте 28 кабатка чейинки эң бийик турак жайлар курулууда.Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан заманбап технологияларга, курулуш материалдарынын талаптарга шайкештигине жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Нурдан Орунтаев Малдыбаев көчөсүндө курулуп жаткан турак жайдын 24-кабатынын чатырын жабуу иш чарасына катышты.

Белгилей кетсек, чет өлкөлүк стандарттардын жана заманбап курулуш ыкмаларынын колдонулушу көп кабаттуу имараттардын сапатын, бекемдигин жана коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.

29 Октябрь 2026 жыл 9:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча