Депутат Бишкектеги түтүн боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын ачык жарыялоо керектигин айтты

Эл өкүлү Бишкектеги түтүн кырдаалы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгын ачык жарыялоону суранууда. Бул тууралуу Рахат Жунушбаева бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, ага шаар тургундары, Орок айылынын жана Боз-Болток тоосунун айланасындагы калктуу конуштардын жашоочулары түтүнгө даттанып кайрылышууда.

«Бул өз убагында чечүүнү талап кылган абдан олуттуу жана актуалдуу көйгөй. 2024-жылы Жаратылыш ресурстары министрлиги текшерүү жүргүзүп, беш ишкана экологиялык талаптарды бузуу менен иштеп жатканын аныктаган. 2025-жылдын апрель айында кайрадан текшерүү жүргүзүлгөн, бирок кырдаал кандай өзгөргөнү, текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болгону белгисиз бойдон калууда», — деди Рахат Жунушбаева.

Ал шаардагы жана анын чет жакасындагы түтүн кырдаалына көптөгөн факторлор: заводдордун иши, транспорт жана көмүр менен жылытуу таасирин тийгизерин кошумчалады.

«Лабораториялык изилдөөлөрдүн, ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарын жана түтүндү азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын ачык жарыялоо боюнча протоколдук тапшырма берүү зарыл», — деп белгиледи Рахат Жунушбаева.

28 Октябрь 2026 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча