Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Жуманазарова менен Нуртаева килемге чыгат

Бүгүн Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева килемге чыгат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Мээрим Жуманазарова 68 кг, ал эми Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында күч сынашат.

Мээрим Жуманазарова мелдешти 1/8 финалдан баштап, Өзбекстан менен Индиянын балбандарынын беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет. Ал эми Нурзат Нуртаева биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, жарым финалга чыгуу үчүн АКШ жана Түркиянын балбандарынын беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

28 Октябрь 2026 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча