Айрым аймактарда жаан жаайбы? 28-октябрга күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз айрым жерлерде жаан жаайт, тоолуу аймактарда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -1°…1°, күндүз 14…16° жылуу болот.

27 Октябрь 2026 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча