Өлкөдө күйүүчү майлардын кору жыл аягына чейин жетеби?

Өлкөдө күйүүчү майлардын кору жыл аягына чейин жетет. Бул туурасында Министрлер кабинетинин жыйынында маалым болду.

Өкмөттөн кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата мунай ташыгандардын, «Джунда» ЖЧКнын, «Кыргызнефтегаз» ААКтын кампаларында жана учурда ташуу процессинде тургандарды кошо алганда – АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизел отунунун, суюлтулган газдын кору ушул жылдын аягына чейин жетиштүү.

Ошондой эле мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Ал үчүн республикалык бюджеттен 11,389 млрд сомдон ашуун акча каражаты каралып, анын 2,623 млрд сомдон ашууну бүгүнкү күнгө чейин берилди. Субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ортодогу айырманы субсидиялоону өз мөөнөтүндө ишке ашыруу, өлкөнүн ички рыногун үзгүлтүксүз камсыздоо, логистикалык маселелерди чечүү, жаңы жеткирүүчүлөрдү табуу, мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоону аяктоо жана жаңы ишканаларды куруу боюнча коюлган иштерди ыкчамдатуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

27 Октябрь 2026 жыл 14:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча