Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: 28 туннелде курулуш жүрүүдө

Кыргызстанда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун бардык тилкелеринде курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,учурда 29 туннелдин 28инде казуу иштери жүрүп, бир туннель толугу менен казылып бүттү. Ошондой эле темир жолдун курулушунда каралган 50 көпүрөнүн 47синде да иштер жүргүзүлүүдө.

Күн мурун президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушууда аталган темир жол аймакты ири логистикалык түйүнгө айлантарын белгилеген.

27 Октябрь 2026 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча