Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов СИЗОдон бошотулду. Маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ырастады.
Маалымдалгандай, Биринчи май райондук сотунун 22-октябрдагы чечими менен тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, шектүү (Курванбек Авазов) 2026-жылдын 21-ноябрына чейин үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, Курванбек Авазов мурдагы саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен бирге кармалган болчу.