Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду. Ал коло үчүн беттеште орусиялык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды.
Белгилесек, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын мүчөсү Амантур Исмаилов (72 кг чейин) көңүл жубатуучу беттеште швециялык спортчуну 1 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде 8:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңип алган.