Бишкекте кайрадан күн жылыйбы?

Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 27-31-октябрларда жана 1-2-ноябрларда күтүлгөн аба-ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, борбор калаада аталган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

27-октябрь: түнкүсүн 0…-2 күндүз 14…16

28-октябрь: түнкүсүн 0…2 күндүз 15…17

29-октябрь: түнкүсүн 1…3 күндүз 16…18

30-октябрь: түнкүсүн 2…4 күндүз 15…17

31-октябрь: түнкүсүн 3…5 күндүз 16…18

1-ноябрь: түнкүсүн 3…5 күндүз 17…19

2-ноябрь: түнкүсүн 4…6 күндүз 17…19

27 Октябрь 2026 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча