Ырчы, ишкер Анжелика Кайратова кызы Элима Бекболиева экөө Индияда өткөн эл аралык сулуулук сынагында жеңишке жетти.
Анжеликанын айтымында, Miss Supermodel Worldwide-2026 сынагында 16 жаштагы кызы Элима Teen категориясында жеңүүчү болсо, өзү Mrs категориясында экинчи вице-мисс болду. Ошондой эле «Кайрымдуу ханыша», «Көрүүчүлөрдүн тандоосу» наамдарын да жеңип алышты.
«Өзүмө караганда кызым үчүн көбүрөөк толкунданып жаттым. Бул жеңиш оңой келген жок», — деди ал.
Ошондой эле, ырчы, Анжелика колдоо көрсөткөн баардык мекендештерине ыраазычылык билдирди.