Бишкектеги жаңы «Ош» базары келерки жылдын март-апрель айларында ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү базар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.
Мамлекет башчысы базарды мамлекет өзү куруп жатканын эске салды. Ал бир нече жыл мурда ири базарлардын ээлерин чогултуп, 30 жылда долларлык миллиардер болушканын айтып, соодагерлерге тийиштүү шарт түзүп берүүнү суранганын белгиледи.
«Ушул алты жылда бир чарчы метр да курушкан жок. Азыр «Мадина» базары мамлекеттин көзөмөлүндө. Ээсине 4-5 жылдан кийин акчасын төлөп берерибизди айттык», — деди Садыр Жапаров.
Президент бул райондогу ишкерлер базарга мындан ары да ээлик кылууну кааласа, соодагерлерге жакшы шарт түзүп бериши керектигин баса белгиледи.