Жыл башынан бери Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы 5 миңден ашык арызды онлайн кабыл алды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыздар башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы жеке кабинет аркылуу келип түшкөн. Анын ичинен сентябрда 1 403, августта 1 179, июлда 944 арыз катталган.
Эң көп талап кылынган кызматтар — архитектуралык-пландоо тапшырмаларын даярдоо боюнча 2 049 өтүнмө (40,8%) жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу боюнча 1 351 өтүнмө (26,9%).
«Электрондук кабинет аркылуу жарандар арыздарды жана документтерди онлайн тапшырып, алардын кароо статусун көзөмөлдөй алат. Бул башкармалыкка баруу зарылдыгын азайтып, кызмат көрсөтүү процессинин ачыктыгын камсыз кылат», — деп белгилешти министрликтен.