Президент Садыр Жапаров айдоо жерлерин турак жай куруу үчүн трансформациялоону токтотуу керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор, ал эми 6 пайызын түздүктөр ээлей турганын белгиледи. Анын айтымында, түз жерлердин бир бөлүгүндө Бишкек, Ош шаарлары, облустук борборлор жана айылдар жайгашкан. Калган аймактардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасына пайдаланылат.
“Советтер союзу тараганда калкыбыз 3 миллион болсо, азыр 7 миллионго жеттик. 2050-жылдары 10 миллионго жетебиз. Жеке турак жай салуу үчүн эле 360 гектардан жерди трансформациялай берсек, 20–30 жылда жер калбай калат. Ошондуктан бийиктикке карай курулуш жүргүзөлү деп жатабыз. Мисалы, Базар-Коргон районунда тогуз кабаттан турган 12 блок үй курулууда. Мындай болот деп мурда ойлогон эмеспиз. 10 гектар жерге дагы көп кабаттуу үйлөрдү курууну уланткыла”, — деди Садыр Жапаров.
Президент айдоо жерлерин сактоо азык-түлүк коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан айрым азык-түлүк продукциялары менен өзүн толук камсыздай албай, аларды Казакстан менен Россиядан импорттоого аргасыз болууда.
Ошондой эле жер маселесине байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатканын белгилеп, айдоо жерлерин сактоо зарылдыгын туура түшүнүүгө чакырды.
“Муну айтсам, айрымдар “Садыр Жапаров кыргыздарга жер бербей, кытайларга 49 жылга жер берип жатат” деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Туура түшүнүү керек. Жетекчилердин да эсине салам. Мындан ары айдоо жерлерин трансформация кылууну токтотолу”, — деди президент.