Бишкекте автобус төрт унаа менен кагылышкан

Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымдашкандай, автобус төрт унаа менен кагылышкан.

Окуя кечээ, 22-октябрда саат 23:00 чамасында Бишкектин Курманжан датка жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

«Кагылышуудан кийин автобустун айдоочусу рулдук башкарууну жоготуп, BYD унаанын сүзгөн. Андан соң автобус кыймылын улантып, Volkswagen Passat менен кагылышып токтогон. Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган», — дешет башкармалыктан.

Жабыркагандар:

2009-жылы туулган KIA Morning`дин айдоочусу башынан жана денесинен жаракат алып, №3 шаардык ооруканага жаткырылган;
2009-жылы туулган өспүрүм жамбаш сөөгүнөн жаракат алып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген;
Hyundai Sonata жана BYD үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары денесинен жеңил жаракат алып, медициналык жардам алуу үчүн тиешелүү медициналык мекемелерге кайрылышкан.
Учурда аталган факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

23 Октябрь 2026 жыл 10:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча