Нарын шаарынын түштүк-чыгышында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4.5 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Кытайда, Нарын шаарынан 152 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.