Жалал-Абад облусунда турак жай курулушу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышканда маалымдалды.
Белгиленгендей, 1 140 батирге ылайыкталган «Асман-Резиденс-7» жана 600 батирлүү «Асман-Резиденс-8» ипотекалык турак жай комплекстеринин курулушу аяктады.
Буга чейин «Асман-Резиденс-1, 2, 3, 4, 5, 6» комплекстеринен батирлер пайдаланууга берилген.
Учурда жалпы 5 320 батирге ылайыкталган «Асман-Резиденс-9, 10, 12, 13, 16, 17» комплекстеринин курулушу уланууда.