Кыргызстанда энелердин өлүмү азайдыбы?

Өлкөдө акыркы 9 айда кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде 23 эне каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.

Жогорудагы сандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга төмөн экени белгиленет.

«Оң динамикага карабастан, энелердин өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тыкыр талдоо керек. Эненин өмүрүн жана ден соолугун сактоо комплекстүү мамилени талап кылат. Ал кош бойлуулукка алдын ала даярданууну, медициналык жардамга өз убагында кайрылууну, кош бойлуулук учурунда сапаттуу медициналык көзөмөлдү жана төрөттөн кийин тийиштүү медициналык коштоону камтыйт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик энелердин өлүмүн азайтуу саламаттыкты сактоо системасынын эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн медициналык жардамды мындан ары да өркүндөтүү, тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана аялдардын репродуктивдик ден соолукту сактоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу зарыл деп кошумчалады.

22 Октябрь 2026 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча