Токмокто 73 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү жигит кармалды

Токмокто аял кишини өлтүрүүгө шектүү адам кармалгпанын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
25-сентябрда Токмок шаардык милициясына Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн.
Анда 1953-жылы туулган С.И. аттуу аялдын денесинде зомбулуктун белгилери бар экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү 1998-жылы туулган И.А. кармалып, 11-октябрда Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда

12 Октябрь 2026 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча