Бүгүн Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева баяндама жасап, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, консолидацияланган бюджеттин ресурстары, республикалык бюджеттин параметрлери, тармактар боюнча чыгашалар, социалдык секторлорду каржылоо, трансферттер жана гранттар, капиталдык салымдар, ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөө маселелери боюнча маалымат берди.
Депутаттар талкуунун жүрүшүндө бир катар сунуп-пикирлерин билдирди.
Жыйында айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.