Ош облусунда жер силкинди

Бүгүн, 12-октябрда саат 09:04тө Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Жар-Башы айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 143 чакырым түштүк-батышта жайгашты.

Ал эми күчү Жар-Башы, Ачык-Суу, Кулчу, Шибээ, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин жетти.

12 Октябрь 2026 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча