Президент Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорунун тургундары менен жолугушууда чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтууга чакырды.
Мамлекет тарабынан жарандар үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгилеген президент ипотекалык үйлөр курулуп, кезеги менен берилүүдө деп билдирди.
«Мигранттар кайтууда, биз мекенге кайткыла деп чакырып жатабыз. Эч ким үйү жок жүрбөсүн деп, кышы-жайы, күндүр-түндүр курулуш жүргүзүп, ипотекалык үйлөрдү салып, четинен берүүдөбүз. Иш жок, үй жок дебегиле, иш бар. Элибиз кетпесин, кеткендер кайра келсин деп шарттарды түзүп жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле миграцияда жүргөн жарандардын балдарын да мекенге чакырууга үндөдү.