Бүгүн, 12-октябрда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, ал күрөөкананын ээси. 2025-жылдын октябрь айынан тартып кардары күрөөгө жети автоунаа коюп, 249 миң доллар алган. Кийинчерээк ишенимге кирип, автоунааларды алып кетип, байланышка чыкпай койгон. Натыйжада бизнесменге акча ушул күнгө чейин кайтарылган эмес.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1989-жылы туулган Т.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандарды же бул иш боюнча кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: 0 (502) 06-06-93 же «102».