Кадамжайдын 21 айылы таза суу менен камсыздалат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Баткендин Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты. 

Анда Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу маалымат берди.

Аким калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча учурда 21 айылда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Иштердин жалпы наркы 574,3 млн сомду түзөт», — деди ал.

12 Октябрь 2026 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча