Бүгүн Суучулдар кызматынын кызматкерлери Токтогул суу сактагычында суу астын тазалоо иштерин жүргүзүп, 21 торду алып чыгышты.
Кызматтын маалыматына ылайык, чыгарылган торлордун жалпы узундугу болжол менен 2 миң 100 метрди түзөт.
Белгиленгендей, бул иштер суу сактагычтын акваториясын таштандылардан жана торлордон тазалоого багытталган.