Сот Темирлан Султанбековду жети жыл, Кадырбек Атамбаевди төрт жылга эркинен ажыратты

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык башаламандыкка айыпталгандарга карата чечим чыгарды. Сот жабык эшик артында өттү.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген судья өкүмдү окуду. Ага ылайык:

Темирлан Султанбеков — 7 жылга эркинен ажыратылды;
Кадыр Атамбаев — 4 жылга эркинен ажыратылды;
Эрмек Эрматов — айып кайра квалификацияланып, пробациялык көзөмөл колдонулуп, ал сот залында бошотулду;
Кубанычбек Кадыров — толук акталды;
Абдурахим Абдрахманов — 8 жылга кесилди, мурда Аламүдүн райондук соту тарабынан алдамчылык үчүн соттолгон;
Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залында камактан бошотулду, ал Кыргызстандан депортацияланат.

8 Октябрь 2026 жыл 15:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча