Баткен областында 13 жетим балага жер тилкелери бөлүнүп берилди

Баткен областынын прокуратурасы тарабынан жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 13 тоголок жетим балага жер тилкелери кезексиз бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдирди.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Баткен областынын прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы 18 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп берилген.

9 Октябрь 2026 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча