Сары-Челек биосфералык коругуна келүүчүлөр үчүн атайын борбор курулуп, туристтерди ташуу үчүн электробустардын каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, борбордо ажатканалар, коворкинг, кофейня, дүкөн, кир жуучу жай жана түнөп калууну каалаган туристтер үчүн мейманкана бөлмөлөрү каралат.
Мындан тышкары, Сары-Чөлөктүн аймагындагы жолдорго, анын ичинде көлгө чейинки жол тилкесине асфальт төшөө пландалууда. Бул чаңдын көтөрүлүшүн азайтууга мүмкүндүк берет.
«Туристтерди ташуу үчүн үч аялдамасы бар электробустар каралган. Алар шаардын коомдук транспорту сыяктуу коруктун аймагында каттайт. Келүүчүлөр жаратылыш паркына кирүү акысын жана автобустун жол киресин QR-код аркылуу төлөй алышат», — деди ал.
Эдуард Кубатов белгилегендей, автобустар үчүн токтотуучу жайлар көлдүн жээгине түздөн-түз жайгаштырылбайт. Туристтер көлгө чейин жеткирилип, ошол жерден түшүп, эс алуусун уланта алышат.
Ошондой эле көлдүн аймагына жеке автоунаалардын кирүүсүн чектөө пландалууда. Туристтерди автобустар менен ташуу системасын 2027-жылы ишке киргизүү көздөлүүдө.