Мамлекеттик салык кызматында кызматкерлерди кыскартуулар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 500 адис мекеменин кадрлар резервине киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, кыскартуулар негизинен милдеттери башка бөлүмдөрдүн ишин кайталаган түзүмдөрдүн эсебинен жүргүзүлгөн. Мындай ыкма кызматкерлерди тандоодо субъективдүү мамиледен оолак болуп, тажрыйбалуу адистерди сактап калууга мүмкүндүк берген.
Шыкмаматов белгилегендей, бош кызмат орундары пайда болгондо, анын ичинде кызматкерлер пенсияга чыккан учурда, биринчи кезекте кадрлар резервиндеги адистер каралат.
«Биз буга чейин системада иштеп, өзүн жакшы жагынан көрсөткөн адистерге артыкчылык беребиз. Азыр жумасына 10-15 бош орун пайда болсо, биринчи кезекте кадрлар резервиндеги талапкерлерди карайбыз», — деди ал.
Учурда Мамлекеттик салык кызматында жалпысынан 3,3 миң кызматкер эмгектенет