Таласта адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелген тогуз жарандын иши. Беренелер өзгөртүлдүбү?

Талас шаарында зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында 9 жаран, анын ичинде ички иштер органдарынын бир кызматкери кармалды.

ИИМден билдиришкендей, 20-ноябрда саат 00:00 чамасында Б. баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жаранга ар кандай буюмдар менен кол салынып, сабалган. Андан соң шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөн.

Шектүүлөрдүн аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринде каралган кылмыштын белгилери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кайра квалификацияланган.

Аталган кылмышка шектелип төмөнкү жарандар кармалды: 1995-жылы туулган Б. уулу А., 1995-жылы туулган М. уулу К., 1994-жылы туулган К. уулу А., 1995-жылы туулган Ж.Ч., 1995-жылы туулган Б.А., 1995-жылы туулган Д. уулу Б. жана 1995-жылы туулган М. уулу Н. Окуяга тиешеси бар төрт автоунаа айып короого киргизилди.

Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу жарандар кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын 17-ноябрында Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында алар С.Н. аттуу жаранды сабап, андан соң шаардын четиндеги ипподромго алып барышып, ал жерде ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул 9 шектүүгө карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда. Иштин жүрүшү Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

24 Ноябрь 2026 жыл 14:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча