Президент аймактардагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү катуу сынга алды

“Калк айтса калп айтпайт” дегендей, борбордо иш кайнап жатканы менен жер-жерлерде иштин жүрүшүндө көйгөйлөр бар экен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Президенттин айтымында, райондук жана облустук деңгээлдеги тез арада эле чечиле турган көйгөйлөр эмнегедир создуктурулуп жатканы түшүнүксүз.

“Мунун айрым бир себептерин жогоруда аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүздө, райондук администрацияларда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу жасалган баяндамалардан уктуңуздар.

Мындан сырткары күч органдарынын жетекчилери дагы маалымат беришти. Андагы белгиленген маселелер дагы кемчилик болуп саналат. Бирок ошол райондун же облустун көйгөйүн чечсин деп атайын даярдап, дайындап жибергенден кийин маселени салмактап, акылдашып, кеңешип, жоопкерчиликти алып чечишиңер керек эле. Сөзсүз түрдө борбордон жетекчилер баргандан кийин ишке киришпей, эл менен байма-бай жолугушуп иштешиңер керек болчу”,- деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент берилген тапшырмаларды, кабыл алынган мыйзамдарды же указдарды акимдер, губернаторлор так жана өз учурунда аткарып, ишке ашыра билиши керектигин эскертти.

24 Ноябрь 2026 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча