Мирбек Атабековдун атынан «керемет дары» жарнамаланып жатат. Ырчы этият болууга чакырды

Алдамчылар ырчы Мирбек Атабековдун жасалма интеллект аркылуу жасалган элесин колдонуп, рак жана башка ооруларды айыктырат делген «керемет дарыны» жарнамалап жатышат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеосунда айтып, өзү да мындай жарнамага күбө болгонун билдирди.

Мирбек Атабековдун айтымында, жасалма интеллект аркылуу жүзүн жана үнүн өзгөртүп, анын атынан жалган жарнамаларды даярдашууда. Ал мындай маалыматтарга ишенбөөгө жана атынан жарыяланган шектүү сунуштардан этият болууга чакырды.

Ошондой эле Атабеков интернет шылуундарынан сактануу үчүн маалыматтын булагын текшерүүнү, шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана жеке маалыматтарды эч кимге бербөөнү эскертти.

25 Ноябрь 2026 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча