Кыргызстанда сасык тумоо жана вирустук инфекциялар күчөп жатат. 16-22-ноябрь аралыгында өлкө боюнча 13 миң 386 адам ооруп, бул көрсөткүч бир аптада 17 пайызга көбөйдү.
Ооругандардын ичинен 8 миң 967си 14 жашка чейинки балдар. Жалпы учурлардын 67 пайыздан ашыгын балдар түзүүдө. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны да 2,5 пайызга өскөн.
Учурда өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Айрым жарандар вакцинадан акысыз пайдалана алышат, ал эми жеке клиникаларда бир дозасы 450 сомдон 1 100 сомго чейин турат. Дарыгерлер оорудан сактануу үчүн беткап тагынып, колду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип турууну эскертишет.