Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлорунун негизги айлык акысы 80 миң сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында журналисттерге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлердин айлык акысынын өлчөмү ээлеген кызмат ордуна, иш стажына жана ыйгарылган атайын наамына жараша болот.
Ошондой эле маектешүү учурунда Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн айлык акысынын өлчөмүн да айтты.
«Менин айлык акым 100 миң сомдон ашат. Мындан тышкары, президенттик компенсациялык төлөмдү да алам», — деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.