Бишкекте автобус жүк ташуучу унааны сүзүп, 4 адам жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайы

25-ноябрда саат 07:20 чамасында Жибек Жолу проспектисинде №39 каттамындагы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык боюнча Бишкек шаарынын мэриясы малыамт таратты.

Алдын ала маалымат боюнча, «Zhongtong» үлгүсүндөгү автобусту Э. У. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Жибек Жолу проспектиси менен чыгыш багытында бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе автобус ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн. Натыйжада аталган тилкеде токтоп турган жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдүн баардыгын өткөн соң каттамга чыгарылган.

Жүк ташуучу унаада эч кандай айырмалоочу белгилер жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын аталган тилкеде токтоп турган себеби азырынча белгисиз. Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.

25 Ноябрь 2026 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча