Шри-Ланка, Аргентина жана Словакия Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Кыргызстан Шри-Ланка, Аргентина жана Словакия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда министрдин орун басарлары Кайрат Турсункулов жана Медер Абакиров аталган өлкөлөрдүн Кыргызстанга жаңы дайындалган элчилери менен жолугушуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алышты.

Кайрат Турсункулов Шри-Ланканын Исламабад шаарындагы резиденциясы менен иш алып барган элчиси Фред Сеневиратне менен жолугушту. Анда кыргыз-шри-ланка мамилелерин өнүктүрүү, саясий диалогду активдештирүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Айрыкча туризм жана жеңил өнөр жай тармактарындагы кызматташтыктын келечегине көңүл бурулду.

Шри-Ланка, Аргентина жана Словакия Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Ал эми Медер Абакиров Аргентинанын элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра жана Словакиянын элчиси Любомир Регак менен жолугушту.

Аргентинанын элчиси менен сүйлөшүүдө саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Шри-Ланка, Аргентина жана Словакия Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Словакиянын элчиси менен жолугушууда Медер Абакиров эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жалпылыгын жана «Интергельпо» кооперативинин катышуучуларынын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. Тараптар ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты.

Шри-Ланка, Аргентина жана Словакия Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар жалпы кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну улантууга макулдашышты.

25 Ноябрь 2026 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча